КАРА-СААДАК КӨРҮСТӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-СААДАК КӨРҮСТӨНҮ – I–V кылымдарга таандык дөбө-мүрзөлөр. Куршап суусунун Кара-Дарыяга куйган жерине жакын жайгашып, 60тай мүрзөдөн турат. Диаметри 5–20 м, бийиктиги 0,5– 1,5 м. Маркумдардын сөөгү казанактуу жайга коюлган. Булардын ичинен 12 мүрзө изилденип, ар кандай түрдөгү жана чоңдуктагы карапа идиштер, темир бычактар, азем буюмдар жана башкалар табылган.