КАРА-МОЙНОК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-МОЙНОК ТООСУ – Ички Теңир-Тоодогу Жумгал кырка тоосунун бир тармагы. Түштүгү­нөн Батыш ж-а Чыгыш Сөөк суулары, түндүгү­нөн Каракол өрөөнү чектейт. Чыгышында Коч­кор, батышында Суусамыр тектоникалык өрөөндөрү жатат. Узундугу 64 км, эң жазы жери 16 км, орточо бийиктиги 3850 м, эң бийик чокусу 4281 м (Кара- Мойнок). Негизинен төмөнкү палеозойдун гра­нит, порфир, сланец ж-а гранит-диорит тоо тек­теринен турат. Түндүк капталында алгачкы плейс­тоцендин мореналары бар. Батышы жапыз, түндүк капталы тик. Мында тектоникалык жарака аркылуу неогендин чополуу тектери бийик көтөрүлгөн. Неотектоникалык тиби – мегантиклиналь. Торпу м-н Сөөктүн сол куймаларынын ж-а Каракол суусу­нун башы мөңгүлүү. Шалбаалуу талаа (2500–2800 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шал­баалуу талаа (2800–3800 м), нивалдык (3800– 4200 м) ландшафт зоналары мүнөздүү. Терең өрөөндөрдүн айрым жеринде (3000 мден төмөн) майда бадалдар өсөт.