КАРА-КӨЛ КОЮ
КАРА-КӨЛ КОЮ – куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Кара-Көл кою – байыркы порода. Борбордук
Азия эли жергиликтүү койду улам тандоо жолу м-н чыгарган. Негизинен көрпө алуу үчүн багылат. Кара-Көл кою кум чөлдүү ысык шартка байымдуу келип, жыл бою жайытта асыралат. Козусунун

өңү кара (80%), боз, күрөң, сур түстө болуп, улам чоңойгон сайын жүнү кубарып, башы, шыйрагы кара бойдон калат. Жаңы туулган козуларынын жүнү тармал болуп, чоңойгондо жанып кетет. Кочкорлору чагарак мүйүздүү, соолугу токол. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 55–75 кг, соолугунуку 45–50 кг. Жүнүнүн узундугу 30 смге чейин жетет. Жылына эки жолу кыркылып, кочкорунан 3,5–3,8 кг, соолугунан 2,0–2,2 кг жүн алынат. Жүнүнөн кездеме ж-а килем токулат. Асыл тукум кара-Көл кою азыр Украина, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстанда, ошондой эле Афганстанда, Иранда асыралат.