КАРА-КУЛЖА (Кара-Кулжа районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-КУЛЖА – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак, райондун борбору. Кара-Кулжа айыл округуна караштуу. Кара-Кулжа суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1440 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Ош шаарынан 105 км чыгыш тарапта. Калкы 15,7 миң (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто ж-а мектеп-интернат, маданият үйү, оорукана, бейтапкана, мейманкана

бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.