КАРА-КУЖУР КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КУЖУР КӨРҮСТӨНҮ , Т а ш - Д ө б ө – биздин замандын VII–IX кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Нарын аймагындагы Кара-Кужур өрөөнүнүн орто че­нинде жайгашкан. Диаметри 44 м, бийиктиги 3– 3,5 м. Аны жүзгө жакын майда дөбө-коргон курчап турат. Айрымдарынын жанында тике­синен тургузулган моло таштар бар. Тик казыл­ган көргө маркум, аты жана ат жабдыктары менен бирге коюлган. Казуу учурунда шайынын кал­дыгы, мончоктор, бычак, тогоо, темир жебеле­ри бар саадак, жаа, коло чөгөрүлгөн кайыш кемерлер, темир ооздук, үзөңгү жана жыгач ээр­дин калдыгы табылган.