КАРА-КОРУМ ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КОРУМ ТООЛОРУ – дүйнөдөгү эң ири ж-а бийик тоо тармактарынын бири. Борбордук Азия­да, Индия (Жамму ж-а Кашмир штаттары) м-н Кытайда. Памирдин түштүк-чыгышында, Куньлунь м-н Гималайдын аралыгында жайгашкан. Узундугу 500 кмдей (чыгыш уландысы – Чангченмо ж-а Пангонг кырка тоолорун кошкондо 800 кмдей), жазылыгы 150–240 км. Кара-Корум тоолорунун борбордук бөлүгү –монолиттүү грабен, андан тоо тармактары (Сал­торо, Сасир ж. б. кырка тоолор) башталат. Де­ңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 6000 мдей, эң бийик жери 8611 м (Чогори чокусу), дүйнөдөгү Жомолунг­мадан кийинки 2-бийик чоку); 8000 мден би­йик көтөрүлгөн дагы 4 чокусу бар. Кыры аска­луу, капталдары тик, корум таш-шагылдуу, туу­расынан кеткен терең (1500–2000 м) капчыгай­лар м-н тилмеленген. Түштүк капталы жазы, түндүгү тик. Ашуулары негизинен 4600–5800 м бийикте (мисалы, Кара-Корум ашуусу 5575 м би­йикте). Тектоникалык жактан альп бүктөлүүсүнөн пай­да болгон ири антиклинорий. Климаты кескин континенттик, катаал. Түштүк капталына Инди океанынын муссонунун таасири болгондуктан, жаан-чачын арбын жаайт (500–2000 мм), түндүк


Чогори чокусу.

капталдарына 100–500 мм түшөт. Кара-Корум тоолорунда жалпы аянты 15,4 миң км2 болгон 2300 мөңгү бар; дендрит тибиндеги ири мөңгүлөрү – Сиачен (узундугу 75 км), Биафо, Балторо, Хиспар, Римо. Кара-Корум тоолору Инд ж-а Тарим дарыяларынын алаптарын бөлүп турат. Кара-Корум тоолорунан башталган ири дарыяларга – Шайок (Инд дарыясынын алабы), Кара-Каш, Жаркенд (Таримдин алабы) кирет. Түндүк капталдарында тоо чөлү ж-а талаа, түштүгүндө (инди муссону­нун таасиринен) 3000–3500 м бийикке чейин кызыл карагай, гималай кедринен турган то­кой, өрөөндөрүндө тал, терек, андан жогору та­лаа өсүмдүктөрү, айрым жерлеринде шалбаа өсөт. 4000 м бийикке чейин арпа, жүгөрү, тоо этектеринде жүзүм, өрүк, бакча өсүмдүктөрү, 3700 мге чейин жемиш бактары (алма, алму­рут) өстүрүлөт. Кара-Корум тоолорундагы табияты корголгон эң ири аймагы – Ташикуергань коругу (Кытай).

Ад.: Гвоздецкий Н. А., Голубчиков Ю. Н. Горы. М., 1987.