КАРА-КАБАК (Чоң Алай районундагы кыштак)
(КАРА-КАБАК барагынан багытталды)
КАРА-КАБАК – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Кашка-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 2840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 48 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 238 км. Калкы 825 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.