КАРА-ЖЫГАЧ (Кара-Кулжа районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАРА-ЖЫГАЧ 4 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЖЫГАЧ – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кабылан-Көл айыл окру­гуна караштуу. Тар суусунун сол өйүзүндөгү тоо этегинде, деңиз деңгээлинен 1880 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагы­нан 23 км түштүк-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 111 км. Калкы 1001 (2010); неги­зинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.