КАРА-ЖЫГАЧ (Кадамжай районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ЖЫГАЧ – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Майдан айыл округуна караштуу. Исфайрам-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 60 км түштүк чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол станциясынан 20 км. Калкы 2744 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.