КАРА-ЖОРГО ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЖОРГО ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Коч­кор ж-а Нарын райондорунун чегинде. Түндүгүнөн Кара-Кужур өрөөнү, түштүгүнөн Кичи Кара-Ку­жур, Солтон-Сары, батышынан Сары-Булак суу­ларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Кеңдик ба­гытта 66 кмге созулат. Туурасы 12 км. Орточо би­йиктиги 3600 м, эң бийик жери 3933 м. Айлана­сындагы өрөөндөрдөн салыштырмалуу бийиктиги чыгышында 380 м, батышында 800 м. Кара-Жорго тоосу горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Батыш бө­лүгү неогендин аягы – төртүнчүлүк мезгилинин башында, ал эми чыгыш жагы төртүнчүлүк мез­гилинде көтөрүлгөн (бул бөлүгү палеоген, нео­гендин кызыл түстүү тектери м-н капталган). Кырына байыркы тайпаң жерлер мүнөздүү. Май- Төр суусунун башында байыркы тайпаң жерлер 3400 м бийикте жатат, ал чыгышты көздөй 3000 мге чейин жапыздап, батышты карай ай­рым жерлери 3800 мге чейин көтөрүлөт да, кай­ра 3000 мге чейин жапыздайт. Түндүк капталы узун ж-а жантайыңкы, түштүк капталы кыска. Түндүк капталында тепши сымал өрөөндөр да кез­дешет. Кокту-колоттуу, сайлуу келип, Ак-Кыя (3495 м), Кашка-Суу (3627 м), Чамынды-Жылга (4414 м), Жалпак-Бел (3300 м) ж. б. ашуулары бар. Кара-Жорго тоосу негизинен ордовиктин интрузия (гранит, гранит-диорит) ж-а протерозойдун ме­таморфизм (мраморлошкон, доломиттешкен акиташ, филлит, кумдук, алевролит, диабаз, туф) тектеринен түзүлгөн. 3100–3800 м бийикке субальп, шалбаалуу-талаа, түндүк капталына альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.