КАРА-ДӨБӨ (Аксы районундагы кыштак)
(КАРА-ДӨБӨ 2 барагынан багытталды)
КАРА-ДӨБӨ – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Кашка-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1426 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 21 км түндүк- батыш тарапта. Үч-Коргон темир жол бекетинен (Өзбекстан) 76 км. Калкы 582 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.