КАРА-БУУРА ЯШМА КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-БУУРА Я́ШМА КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука р-нунда, Кара-Буура кыштагынан 30 км түштүктө, Талас Ала-Тоосунун кырындагы Кара-Буура ашуусунан 2–3 км түштүктө. Кен аймагында кембрийге чейинки мезгилде пайда болгон трахит-базальт, порфирит, туф, кумдук ж-а сланец тектери жатат. Пайдалуу катмар яшма сымал кремнийлүү тоо тектен түзүлүп, чыгышка созулат. Калыңдыгы 50–100 м, узундугу 1 кмге жетет. Яшма кара, кара-күрөң түстө, нык, бир аз жаракалуу. Блоктуулугу 30х30х30 смге жетет. Запасы мол. Кооз буюмдарды жасоого болот.