КАРА-БУУРА РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУУРА РАЙОНУ – Талас облусундагы административдик бирдик. Район 1930-жылы уюшулган. Түндүгүнөн ж-а батышынан Казакстан Республикасы, чыгышынан Бакай-Ата, түштүгүнөн Чаткал райондору, түштүк- батышынан бир аз жери Өзбекстан м-н чекте­шет. Аянты 2,95 миң км2. Калкы 70,6 миң (2022). Райондо 8 айыл өкмөтү, 22 кыштак, Маймак шаарчасы бар. Борбору – Кызыл-Адыр айылы.
Район Талас өрөөнүнүн батыш бөлүгүнөн орун алган. Түндүк бөлүгүндө Кыргыз Ала-Тоосунун ба­тыш тармагынын уландысы Эчкили-Тоо, Ак- Таш, Кызыл-Адыр тоолору, түштүгүндө Талас Ала-Тоосу (эң бийик жери Манас-Ата чокусу, 4482 м) жатат. Курулуш материалдарынын ке­ни бар. Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 22°С, январдыкы –6,1°С. Жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Ири суулары: Талас, Кара-Буура, Күркүрөө. Райондун чегинде Кара- Буура (Киров) суу сактагычы курулган (көлөмү 550 млн м3). Өрөөн бөлүгү жарым чөл зонасын­да жаткандыктан, топурагы боз, тоо бөлүгүндө күрөң боз, коңур топурак басымдуу. Негизинен талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрү өсөт.
Калкынын көбү кыргыздар, андан башка орус, өзбек, казак, түрк, күрд, татар ж. б. улуттар жа­шайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 20,1 киши туура келет. Райондо мал чарбасы (айрыкча кой) ж-а дыйканчылык өнүккөн. Айдоо аянты 33,7 миң га (анын 23,4 гасы кайрак жер), көп жыл­дык өсүмдүк 0,1 миң га, чабынды 0,2 миң га, жайыт 203,9 миң га. Райондун дыйканчылы­гында дан ж-а буурчак, картөшкө, жашылча, кант кызылчасы өстүрүлөт. Эгиндердин барды­гы сугарылат. Сугат үчүн Кара-Буура, Күркүрөө сууларынын мааниси чоң. Май-сыр, нан жасоо­чу өнөр жай ишканалары, автобаза бар. Райондун аймагынан Бишкек – Тараз – Талас, Кара-Буу­ра – Аманбаев – Маймак, Кара-Буура – Жаңы-Базар – Ала-Бука автомобиль жолдору өтөт.


Райондун Жоон-Төбө темир жол бекетинен айла­насындагы 520 га жерди ээлеген «Маймак» эр­кин экономикалык аймагы (1997) түзүлгөн (к. Талас об­лусу). Райондо 21 орто, 4 негизги, башталгыч мек­теп (жалпы окуучулардын саны – 12501), ке­сиптик-техникалык окуу жайы, балдардын музыкалык мекте­би, 5 музей, 19 клуб, 13 китепкана иштейт. 1992-жылдан «Кара-Буура кабарлары» гези­ти чыгат. Чымкент айылында Советтер Союзу­нун Баатыры Ч. Түлөбердиевдин мемориал му­зейи уюшулуп, эстелиги тургузулган. 1988-жылы Шекер кыштагында Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айт­матовдун музейи уюшулган. Райондун айма­гында Садыр-Коргон (5–15-кылымдар), Жоон-Дөбө (6–12-кылымдар) ж. б. шаар калдыктары бар. Байыркы кен казылмаларынын, металл эритилген меш­тердин орундары кезигет. Борборлошкон ж-а 3 айылдык оорукана, борборлошкон ж-а 5 айыл­дык дарыкана, 4 амбулатория, 16 ФАП, сани­тария-эпидемиологиялык станция, бир нече үй-бүлөлүк врачтар тобу ж. б. мекемелер бар.