КАРА-БУЛАК МАДАНИЯТ ЭСТЕЛИКТЕРИ
КАРА-БУЛАК МАДАНИЯТ ЭСТЕЛИКТЕРИ - орто кылымга таандык шаар калдыгы. Лейлек районунун борбору Исфананын (азыркы И. Раззаков) түштүк-чыгыш тарабында, Кара-Булак кыштагынын аймагында жайгашкан. 1964-жылы Кара-Булак кыштагынын түштүк-батышындагы чакан капканы казууда VI–VIII кылымдарда калк жашагандыгы аныкталды. Кыштактын борборунан казылган сүйрү формадагы чоң дѳбѳ XI–XII кылымдарга таандык. Ал бир нече жолу бузулуп, кайра топурактан согулуп тургузулган, бийик цоколдун урандыларынан турат. Дѳбѳ түндүктѳн түштүктү карай 100 мге созулуп жатат. Туурасы 60 м. Түштүк бѳлүгүндө дѳбѳ чоң дубалга барып такалат. Турак жайлары жана кампа-сарайлары чарчы формада. Адамдар жашаган бѳлмѳлѳрдѳ ар кандай супалар, очоктор, чарба жайларында эгин сакталуучу кампалары болгон. Караханиддер мамлекетинин ѳкүмдарларынын атынан чыгарылган (негизинен Ѳзгѳндѳ) коло тыйындар, колдо жана станокто жасалган карапа буюмдар, идиштер, май бышкычтар, металл буюмдар (темир бычак, орок, жебенин учу, канжар, тиричилик буюмдары) табылган. Айнектердин жана айнек буюмдардын табылышы бул жерде айнек чыгаруунун ѳнүккѳндүгүн айгинелейт. Дѳбѳдѳн 400 м түштүк тарапта карапа жасалуучу керкана, анын жанынан металл иштетүүчү керкананын калдыктары табылган. Эки жерде дѳбѳнү карай куурлар тѳшѳлгѳн. Бул шаар суу менен камсыз кылынгандыгын айгинелейт. Рельефтин ыңгайлуулугуна байланыштуу, шаардын чыңдоолору болгон эмес. Шаардан 4 км түштүк-батыш тарапта гана дубал тургузулган. Азыр шаар калдыгынын аймагын бүт жаңы курулуштар ээлейт. Курулуш иштеринин учурунда табылган материалдарга жана жазма даректерге караганда шаар 5 га аянтты ээлеп, Асбаникат шаары деп божомолдонот. 1958–1965-жылдары Г. А. Брыкина казып, изилдеген.