КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ
КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы жабык төр тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,5 км, туурасы 300–400 м, аянты 4,5 км2. Чоң Кызыл-Суунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4050 м. Абляциясынын аянты 1,6 км2. Мөңгү таманы бир аз жантайыңкы келип, кенен төрдө жатат.

Куралуу облусу м-н «тилинин» ортосунда бийиктиги 20–30 мдей келген мөңгү жатат. Мөңгүнүн сол жак четинде тоо тектердин уранды сыныктары үйүлүп корумду түзөт. Каптал морена бар. Зор дого сымал аяккы морена м-н мөңгүнүн этегинин аралыгында мөңгү көлү пайда болгон.
Мөңгү тартылууда (жылына 5–6 м). Калыңдыгы 50 мден 80 мге чейин өзгөрөт. Андан агып чыккан суу Чоң Кызыл-Суунун оң куймасы Кашка-Төргө куят. Мөңгүгө 1947-жылдан тартып үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Эл аралык геофизикалык жылдын (1957-жыл, 1-июль) программасы боюнча 1-категориядагы байкоолорду жүргүзүү үчүн атайын тандалган. СССР убагында анын материалдары Москвадагы ж-а Цюрихтеги эл аралык илимий борборлорго жөнөтүлүп турган. Кийинки мезгилде мөңгүдө кээ бир гляциалдык-метеорологиялык байкоо-изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Экологиялык жактан таза, туюк төр.