КАРА-БАЛТА КАПЧЫГАЙЫ
КАРА-БАЛТА КАПЧЫГАЙЫ – Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы терең, кууш капчыгай. Жайыл районунун аймагында. Узундугу 50 кмге чейин, туурасы төмөнкү бөлүгүндө 5–8 км, аянты 577 км2. Орточо бийиктиги 3100–3400 м. Капчыгайдын таманы кууш (туурасы 30–150 м), капталы тик, деңиз деңгээлинен 1000–2800 м бийикте. Тепши сымал өрөөндөр 2600–2800 м бийиктен башталып, жабык төрлөр м-н бүтөт. Капчыгайдын төмөн жагындагы тереңдиги 300–900 м, ортосунда 1700–2400 м, жогорку бөлүгүндө 800–

1000 м. Зоокалары астыңкы ж-а ортоңку ордовиктин сары-жашыл түстүү алевролит, чополуу сланец, кумдук, мраморлошкон ачык сары акиташ теги, конгломерат ж-а девондун жанартоо туфтарынан ж. б. эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Капчыгай неоген, төртүнчүлүк мезгилдеринде Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынын тектоникалык көтөрүлүүсүнө байланыштуу суунун жерди ургаал жемирип-жешинен пайда болгон. Кара-Балта капчыгайынын капталдарында кургак жылгалар, сайлар, эшилме шагыл м-н кум көп. Суу бөлгүчү негизинен байыркы түздүктөрдүн калдыктарынан (пенеплен) турат. Топурак ж-а өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт. Кылканактуу-дүйүм чөптүү талаа (1000–1600 м), токой-шалбаалуу талаа (1900–2700 м бийикте; мында арча, четин, кайың, тал, бөрү карагат, ит мурун ж. б. өсүмдүктөр өсөт), субальп (2700–3100 м) ж-а альп шалбаасы (3100–3400 м) мүнөздүү. Суу бөлгүчү ж-а тепши сымал өрөөндөрү жайыт катары пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Бишкек – Ош автомобиль жолу өтөт.