КАРА-БАЛТА (Жайыл районунда­гы шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАЛТА – Чүй облусунун Жайыл районунда­гы шаар, райондун борбору. Чүй өрөөнүндө, Кара-Балта суусунун боюнда, Бишкек – Тараз (Казакстан) – Ташкент (Өзбекстан) автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 780 м бийикте жайгашкан. Бишкек шаарынан 62 км, облустун борбору Токмок шаарынан 122 км батыш тарапта. Шаар 1975-жылы 9-сентябрда Кош-Тегирмен шаар-


Шаардын кире бериши.

часы м-н Калинин кыш-нын бир бөлүгүнүн ко­шулушунан пайда болгон. Аянты 320,1 га. Кал­кы 52,4 миң (2022); кыргыз, орус, украин, өзбек, немис, казак ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Темир жол бекети бар. Шаарда облустун өнөр жай про­дукциясынын 70%и өндүрүлөт. Уран ж-а алтын концентраттарын тазалоочу, тамак-аш (кант, спирт, ун, нан, сүт, консерва), электр-техникалык буюм­дар, кийим тигүү өнөр жай ишканалары, килем ком­бинаты, «Кыргызалтын» АКтын «Афинаж» заводу иштейт. Шаарда 11 орто, 2 башталгыч, 2 жатак, музыкалык ж-а спорт мектептери, китепкана­лар, 2 кесиптик лицей, тамак-аш ж-а медициналык окуу жайлары, техникалык университеттин филиалы, Чүй университети­нин окуу-консультация пункту, Хизрети Осмон атындагы Ислам дини боюнча ЖОЖ, христиан диний окуу мектептери, 2 маданият үйү, музей, 2 кино­театр бар. Үч поликлиника (анын ичинде тиш дарылоо­чу), 2 оорукана, 2 санитария-эпидемиология станциясы, банктар, базарлар иштейт. Шаар­дын чегинде мечиттер ж-а чиркөөлөр жай­гашкан.