КАРА-БАЛТА (Жайыл районун­дагы суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАЛТА , К ө л - Б а ш ы – Жайыл районун­дагы суу, Ак-Суунун (Чүйдүн алабы) сол куй­масы. Узундугу 133 км, алабынын аянты 577 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан баш­талат. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2910 м. Өрөөнүнүн таманы кууш, жогорку бөлүгү туюк төрлөр м-н бүтөт. Алабында чакан мөң­гүлөр ж-а көлдөр бар. Кара-Балтанын жалпы узундугу 268 км келген 84 куймасы бар; негизгилери: Чоң- Мазар (12 км), Абла (11 км), Туюк (16 км). Орточо чыгымы 5,25 м3/сек. Май айынан сентябрдын ортосуна чейин кирип, сентябрь – апрель айла­рында тартылат. Июнь – июль айларында суу­су мол болуп, орточо чыгымы 14 м3/сек, айрым жылдары 21–22 м3/секга жетет; февраль – март айларында 1,60 м/секга азаят. Байкалган эң көп чыгымы 71 м3/сек, эң азы 0,65 м3/сек. Жылына орто эсеп м-н 23 сутка суунун бетин муз каптап жатат. Шыргалаң ноябрдын аягында башта­лып, марттын ортосунда токтойт. Январь–фев­раль айларында суунун температурасы 1°С, июль – августта 11,2°С, айрым күндөрү 17,0°Сге чейин жогорулайт. Суусунда тоо жилиңгири, марин­ка балыктары бар. Сугатка пайдаланылат. Кара-Балтадан 20 м3/сек суу өткөрүүчү Таш, ГЭС, Чоң Жетиген каналдары чыгарылган. Төмөнкү агы­мында Кара-Балта суу сактагычы курулган.
Өрөөнүндө Кара-Балта шаары, Моңолдор, Сары-Бу­лак, Сосновка, Ставрополовка, Степной кыштактары жайгашкан.