КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ – Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Кара-Акмат жергесинде жайгашкан коло дооруна таандык мүрзөлөр. Алар таш, то­пурак менен үйүлгөн жүзгө жакын дөбөчөлөрдөн, төрт чарчы көлөмдүү коргончолордон турат. Чопо идиштердин сыныктары, адамдын өрттөл­гөн сөөк калдыктары табылган. Кара -Акмат көрүстөнүн ар­хеолог П. Н. Кожемяко казып, изилдеген.