КАР КРИСТАЛЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАР КРИСТАЛЛДАРЫ – булуттар м-н туманда пайда болуп, алардан түшкөн муз кристаллда­ры. Кар кристаллдарынын эки негизги формасы болот: жал­пак ж-а түркүк. Биринчисине – 6 бурчтуу жал­пак пластинкалар ж-а 3, 6, 12 шоолалуу жыл­дыздар, экинчисине – 6 грандуу түркүктөр ж-а ийнелер, ошондой эле түркүктөр комплекси («кирпи») кирет. Көбүнчө кар кристаллдарынын туура эмес формада түшүшү байкалат. Физикалык шарттын пайда болу­шуна ж-а өсүшүнө (баарынан мурда абанын температурасы м-н нымдуулугуна) көз каранды, ошондуктан көлөмү м-н формасы ар түрдүү бо­лот. Температуранын өсүшү м-н кар кристалдарынын көлөмү ж-а пластинкалуу форманын бөлүкчөлөрү чо­ңоёт. Көбүнчө жылдыз ж-а кирпи түрүндө учу­райт. Ийне шоолалуу жылдыздардын туура­сы 6–8 мм, пластинка шоолалуу жылдыздар 4– 5 мм, кирпилер 2–3 мм, пластинкалар 1–2 мм; түркүктүн узундугу 1–2 мм, ийнелүүлөрдүкү 3–5 мм. Булуттан түшкөн ири кар кристаллдары кар бүртүгү деп ата­лат. Кар кристаллдары суу буусунун сублимациясынын на­тыйжасында муздап калган булуттар м-н ту­мандан же кристаллдык чаңдан пайда болот. Майда булуттуу кристаллдарда жөнөкөй плас­тинкалар ж-а түркүктөр болот. Кристаллдын өлчөмү 0,1–0,2 ммден ашканда формасы та­таалданат. Катуу шамал болгондо кар кристаллдары 0,1 мм ж-а андан да майда бөлүнүп кетет. Булуттан муздаган суу тамчыларынын түшүшүнөн кар күкүмү пайда болот.