КАПЧЫГАЙ (тик, кууш, терең өрөөн)
КАПЧЫГАЙ – тоолордогу капталдары тик, кууш, терең өрөөн. Негизинен тереңдиги туурасынан ашык болот. Чулу катуу тоо тектерде ж-а лёсстордо пайда болот. Көбүнчө тоолордо кездешет, V сымал формага ээ. Тереңдиги бир нече ондогон же жүздөгөн мден 1 кмге чейин ж-а андан да ашык болот. Эрозиялык капчыгай м-н кошо тектоникалык (жер кыртышынын жаракаларынан пайда болот) ж-а карсттык капчыгай да кездешет. Кыргызстандагы ири капчыгай: Боом, Көкөмерен, Төмөнкү Нарын, Кара-Балта ж. б. Айрым капчыгайларга ири

ГЭСтер курулган; мисалы, Төмөнкү Нарын ж. б. Өтө кууш ж-а тереңдери шаңшаар деп аталат. Рельефтин мындай формаларына байланыштуу пайда болгон топонимдер Кыргызстандын аймагында арбын кездешет. Мисалы, Баткен ж-а Ноокат райондорундагы кыштак, Кемин районундагы корукча, Түштүк Теңир-Тоодогу өрөөн ж. б.