КАПОЭЙРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПОЭЙРА – бразилиялыктардын эрежесиз тай­маш өнөрлөрүнүн түрү. Капоэйрада татаал акробатика­лык ж-а алдамчы кыймыл, буйтоо, каршыла­шын байкатпай чалуу, ага күтүлбөгөн сокку уруу ж. б. ыкмалар колдонулат. Капоэйра 1500-жылдардан белгилүү. 1888-жылы Бразилияда кулчулук жоюл­гандан кийин капоэйра улуттук спорт түрүнө айланып, 1937-жылы улуттук спорт конфедерациясынан рас­мий укукка ээ болгон. Капоэйра боюнча алгачкы мектеп Сальвадор шаарында капоэйра чебери Бимба (Мануэль дос Рейс Мачадо, 1900–1974) тарабынан негиздел­ген. 1950-жылдан капоэйра боюнча расмий мелдештер спорт сүйүүчүлөр м-н профессионалдар арасын­да өткөрүлөт. Дүйнөлүк чемпионат Бразилияда өтөт. 1990-жылдардын ортосунан АКШда ж. б. өлкөлөрдө өткөрүлүүчү эрежесиз мушташтарда Грейси кланынын чеберлери (бразилиялык жиу­жицуну ж-а валетюдону жайылткандар) же­ңишке жетишкенден баштап, капоэйра дүйнөгө кеңи­ри кулач жайган. Азыр капоэйра дүйнө боюнча 60тан ашык өлкөдө өөрчүүдө. Кыргызстанда капоэйрага окшош эрежесиз мушташ түрлөрүнүн бири валетюдо (көчө мушташы) кеңири кулач жайып, атактуу спортчулар (Алмаз Акун ж. б.) бар.


Ад.: История боевых искусств. От нового света до Черного континента. М., 1997; Гагонин А. С., Гаго­нин С. Г. Психотехника рукопашной схватки. СПб., 1999.

Б. Үсөнканов.