КАПКА-ТАШ КӨЛҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАПКА-ТАШ КӨЛҮ Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш тармактары – Кеңкол м-н Такталыктын аралыгында жайгашкан. Токтогул районунун аймагында. Аянты 0,96 км2, суунун көлөмү 2,6 млн м3. Эң терең жери 50 м. Капка- Таш өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 2305 м бийикте жатат. Тунуктугу 3 м. Көлгө 7 өзөн куюп, андан агып чыккан суу Кара-Суу көлүн толуктап турат. Бөгөт көл түрүнө кирет.