КАПИТЕЛЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАПИТЕ́ЛЬ (лат. capitellum – башы) – ордердик түркүктүн ж-а анын модификацияларынын (колоннанын) негизги үч бөлүгүнүн (фуст ж-а база м-н бирдикте) бири. Капитель вертикалдык тая-

нычтын жогорку чет жагынын жабдылышы катары антаблементтин оордугун өзүнө алат. Капитель Байыркы Чыгыш зодчийлигинде белгилүү болгон. Антикалык доордо капителдин 3 негизги түрү (дорийлик, ионийлик, коринфтик, ошондой эле композиттик) калыптанган. Капителдин өзгөчө түрлөрү Кытай, Япония, Мексика, Россия, Армения, Грузия, Орто Азия мамлекеттеринин архитектурасындажаралган.