КАПАГАН КАГАН
КАПАГАН КАГАН (туулган жылы белгисиз – 716, өлгөн жери белгисиз) – Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы (691–716). Кутлук кагандын аталаш иниси, Күлтегин м-н Билге кагандын аталаш агасы. Чыгыш Түрк кагандыгынын ээлигин кеңейтип, анын чек арасын Дербенттен (Кавказ) Хуанхэге (Кытай) чейин жеткирүүнү көздөгөн. 694-жылы Ордосту алуу үчүн кытайлар м-н согушта Маньчжурияны өзүнө каратып, 706-жылы Түндүк Кытайга чабуул жасаган. 709-жылы тогуз-огуздарды, 711–712-жылдарда енисейлик аздар м-н чиктерди жеңип алган. 712–13-жылдарда Алтайдан келип, Жети-Суудагы он ок элин (к. Он ок будун) багындырган. Сыр-Дарыядан өтүп, Кавказга жакын тохар, согдуларды кыйраткан. 714-жылы кайрадан баш көтөргөн табгачтарга 6 жолу сокку урган. Капаган каган көчүүгө кам көргөн тогуз-огуздарды Гобинин түндүгүндө талкалаган. 716-жылы Толы өзөнүнүн жээгинде байегу урууларын жеңип, азыраак аскери м-н кайтып бара жатканда ал уруулардын аман калган тобу капысынан кол салып, Капаган каганды өлтүрүп, башын кытайларга тартуу кылышкан.
Ад.: Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Гумилёв Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1998; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Джуманалиев Т. Д. Т. 1. Б., 2007.