КАНИМЕТОВ Абдылда
КАНИМЕТОВ Абдылда – [18. 08. 1928, СССР, РСФСР, Кыргыз АССРи, Каракол кантону (азыркы Ысык-Көл облусу), Жети-Өгүз району, Шалбаа (азыркы Тилекмат) кыштагы – 28. 11. 1999, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары]) – тарых илимдеринин доктору (1987), профессор (1968). 1950-жылы ММУну бүткөн. 1950–1955-жылдарда Кыргыз ССР Улуттук Илимдер Академиясынын тарых институтунда илимий кызматкер, 1955–1959-жылдарда Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, кафедра башчысы, директордун орун басары,

1959–1961-жылдарда Кыргызстан КП БКнын мектеп жана Жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы, 1961–1962-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу жогорку жана атайын орто билим берүү боюнча комитеттин төрагасы, 1962–1977-жылдарда Кыргыз ССР элге билим берүү министри, 1977–1988-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда директор, 1989- жылдан сектор башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер. А. Каниметовдун илимий эмгектери Кыргызстандын маданий курулушуна, элге билим берүүнүн жана Интергельпонун тарыхына арналган. 200дөй илимий эмгектин (анын ичинде 40тай монография, окуу китеп) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1962–79). 3 Эмгек Кызыл Туу, "Ардак белгиси» ордендери ж.б. медалдар менен сыйланган. Бишкек шаарындагы № 1 мектеп-интернатына ысмы ыйгарылган.
Эмг.: Каниметов А. К., Маречек Р. П., Мужиков И. П. Чехословакиялык «Интергельпо» кооперативинин тарыхы. Ф., 1958; Каниметов А. К. Народное образование Советской Киргизии за полвека. Ф., 1972; Каниметов А. Наш друг Юлиус Фучик. Ф., 1976.