КАНДЕЛА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАНДЕ́ЛА (лат. сandela – шам) – жарык күчүнүн эл аралык бирдиктер системасындагы бирдиги. Белгилениши кд. Кандела – температурасы платинанын катуулануу температурасына (2042 К) барабар, басымы 101325 Па ж-а туурасынан кесилиш аянты 1/600000 м2 болгон толук нурланткычтын бул кесилишке тик багыт боюнча нурланткан жарык күчү.