КАНАНГА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАНА́НГА – Конго Демократиялык Республикасынын түштүгүндөгү шаар. Лулуа провинциясынын административдик борбору. Калкы 509,9 миң (2008). Жолдор тоому. Темир жол бекети. 1884-жылы Лулуабург деген ат менен негизделген. 1962-жылдан Батыш Касаи провинциясынын борбору. 1966-жылдан азыркыдай аталат. Суфи-Тижания мечити, улуттук музей, педагогикалык институт бар. Кананга алмаз казып алуунун жана айыл чарба аймагынын борбору. Тамак-аш өнөр жай, фармацевтика заводу, жылуулук электрстанциясы иштейт.