КАНАДАЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНАДАЛЫКТАР – эл, Канаданын калкы. Жалпы саны 31,2 млн, анын ичинде Канадада 25 млн киши (2006). Канада калкынын 43%ин англис-­канадалыктар, 24%ин француз-канадалыктар, 2%ин индейлер, эскимостор, ошондой эле Европадан барган немис, англис, италян, украин, орус, гол­ланд, поляк, еврей жана америкалыктар түзөт. Канадалыктар анг­лис жана француз тилдеринин канадалык вари­антында сүйлөшөт. Англис-канадалыктардын динге ишенгендери протестантизм (пресвите­риан, лютеран, баптисттер), француз-канадалык­тар католицизм динин тутушат. XVI–XX кылымдарда ал­гач Европадан (француз, англис, шотланд, ир­лан, уэльс, немис, голланд жана башкалар), кийин Америка Кошмо Штаттардан иммигранттардын Канада аймагына көчүп келип отурукташуусу менен канадалыктар улут болуп калып­танган. Англис-канадалыктардын улуттук маданияты англистердикине жакын. Эски шаарларда англис үлгүсүндө салынган архитектуралык курулуш­тар сакталган. Айрым англис-канадалык топ­тордун турак жайлары, тамак-ашы, үрп-адат, салттары европалыктардыкына окшош. Алар Шотландиялыктардын колдоочусу Ыйык Анд­рей, ирландыктардын Ыйык Патригини күн­дөрүн майрамдашат. Азыркы учурдагы маданиятына америкалыктардын таасири чоң.