КАН ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Баткен облусунун Ка­дамжай районунда. Фергана шаарынан түштүк-батыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк тармагы Катыраң тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1100–1300 м бийикте жайгашкан. Кен илгертен белгилүү. Кен серпентинитке айланган ультра­негиздүү тоо тектердин арасында жайгашкан. Анын аймагында силур, девон ж-а таш көмүр мезгилдеринде пайда болгон сланец, акиташ теги жатат. Кенташ негизинен галенит, сфалерит, пирит минералдарынан түзүлүп, альбитофир, акиташ, сланец, серпентинит ж-а брекчиялар­да кездешет. Кенде линза, шток, тарамча ж. б. татаал түспөлдөгү ар түрдүү 80 кенташ тулкусу бар. Алардагы коргошун 50,5%, цинк 20%ке жетет. Кен герцин металлогендик доорунда гид­ротермден пайда болгон. 1950–74-жылдарда казып алы­нып турган.