КАМЕНСК-УРАЛЬСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́МЕНСК-УРА́ЛЬСКИЙ – Россиядагы шаар. Свердлов облусунда. Ортоңку Уралдын түштүк-чы­гыш капталында, Каменка дарыясы Исеть дарыясына куя бериште жайгашкан. Калкы 160,3 миң (2025). Темир жол бекети. Екатеринбург шаары м-н автомобиль жолу аркылуу байланышат. 1682-жылы пайда бол­гон. 1935-жылдан шаар. 1940-жылдан азыркы­дай аталат. Шаар – облустун ири өнөр жай борбору. Алюминий түтүктөрүн жасоочу, электр-механикалык ж. б. заводдор, түстүү металлургия өндүрүшү үчүн жаб­дуу, жеңил, курулуш материалдар өнөр жай ишка­налары иштейт. Ыйык Троица собору (1790–1808), Преображение ж. б. чиркөөлөрү сактал­ган. 2001-жылы Александр-Невский саат мунарасы курулган. Ондон ашык ЖОЖ (анын ичинде филиалдар, өкүлчүлүктөр), китепканалар, музейлер (анын ичинде край таануу, геология ж. б.), театрлар, Красногорск ЖЭБ бар.