КАЛЬЯН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛЬЯН – Индиянын батышындагы шаар. Махараштра штатында. Араб деңизинин жээ­гинде, Улхас дарыясынын чатында жайгашкан. Кал­кы 1,3 млн (2008; Домбивли шаары м-н биригип кеткен). Темир жол тоому. Мумбаи шаары м-н темир жол ар­кылуу байланышат. Чоң Мумбаи агломерация­сына кирет. Алгач б. з. ч. 4-кылымда порт катары эскерилет. 19-кылымдын башында Бомбей про­винциясынын курамына (1947–60 Бомбей штатында) киргизилген. Машина куруу (электр жабдуулары), металл иштетүү, нефть ажыра­туу, химия (боёктор, жуучу каражаттар ж. б.), текстиль (кебез-кездеме) өнөр жай ишканалары иш­тейт.