КАЛЬЦИТ
КАЛЬЦИ́Т (лат. calcis – аки), а к и т а ш ш п а т ы, карбонаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы CаCO3. Тригон системасында кристаллданат. Өңү ак, боз, каралжын, саргыч. Курамындагы киринди элементтерге жараша түрдүү түстө болот. Кээси түссүз. Мөлтүрөгөн тунуктары да кездешет. Кош чагылууну пайда кылган тунук түрү исланд шпаты деп аталат. Анын бетин чийсе, кош чийин болуп көрүнөт. Айнектей жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3. Салыштырма салмагы 2,7. Суу кошулган туз кислотасын тамчылатсак, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарып, боркулдап кайнайт. Жер кыртышында кеңири тараган минерал. Акиташ, доломит, мрамор, бор

сыяктуу тектердин курамында жолугат. Химиялык чөкмөлөрдө (акиташ, доломит), гидротерм (кальцит тарамдары) ж-а метаморфизм процессинен ( мрамор ) пайда болот. Жаныбарлардын скелеттерин, сөөк-саактарын, раковиналарын түзүүгө катышат. Курулуш ишинде, акиташ өндүрүүдө, металлургияда, химия, кагаз, резина өнөр жайында, айнек жасоодо, полиграфияда колдонулат. Исланд шпаты микроскопто пайдаланылат.