КАЛЬМАН
КА́ЛЬМАН Имре (24. 10. 1882, Шиофок, Австрия-Венгрия – 30. 10. 1953, Париж) – венгриялык жана австриялык композитор жана дирижёр. 1900–1904-жылдары Будапешт университетинин юридика факультетинде, ошол эле жылдары музыкалык академияда Х. Кёслерден окуган. 1904–1908-жылдары «Pesti Naplo» гезитинде жана драма театрда музыкалык сынчы болуп иштеген. Жаңы Вена опереттасын түзүүчүлөрдүн бири. Тунгуч опереттасы – «Күзгү манёврлар» (1908). Белгилүү оперетталары: «Чардаш королевасы» («Сильва», 1915), «Баядера» (1921), «Марица» (1924), «Цирк ханышасы», «Маринка» (1945) жана башкалар. Ал 20 оперетта жазган. Опереттага венгр музыкалык фольклорун алгач колдонгон, аны демократташтырган. 1938-жылы эмиграцияга Швейцарияга кетип, 1940-жылдан Америка Кошмо Штаттарында, 1948-жылдан Францияда жашаган. Оперетталары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө коюлуп келет.
