КАЛЫК Акыев

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАЛЫК барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫК Акыев [1883, На­рын облусу, Жумгал району, Кулжыгач (азыркы Түгөл-Сай айылы) – 3. 11. 1953, Фрунзе] – төкмө акын, Кыр­гыз ССРинин эл артисти (1939). Калык ырчы катары 18–19 жашын­да таанылган. Буга чейин эле ал айыл арасында элдик ырларды ырдап жүргөн.

«Жокчулук» аттуу туңгуч ырында «жалдыратып байларга жалчы кылган, бүтүн жанды кемитип жарты кылган» теңсиз­дик коомду, падыша бийлигинин адилетсизди­гин ачык көрсөткөн. Октябрь революциясына чейин­ки кедейлердин турмушу «Жер кепеде өткөн күн», «Саламдашуу», «Чыйбылдын үйүндө» жана башка ырларында айтылат. Калыктын революцияга чейинки ырлары мене­н айтыштарынын көбү убагында кагазга түшүрүлбөй калган. Анын ырчылык өнөрүнүн жетилишине Токтогулдун таалими зор. Адегенде ал Калмырза, Эшмамбет, Жеңижок, Ай­дараалы өңдүү ырчылардан таалим алып, ыр­чылык өнөрүн өөрчүтсө, Токтогул анын талан­тын таптап, чындыкты таамай ырдоого, кара­пайым эл турмушун тартынбай айтууга багыт берген. Калык улуу акын менен бирге көп жүрүп, эл­дин муң-зары, кайгы-кубанычы жөнүндө бирге ыр­дашкан. Экөөнөн «Саламдашуу», «Карымшак­тыкындагы ыр», «Анжыян тарабында», «Кош­тошуу», «Бакачы дыйкан Кебекчи» дегендей бел­гилүү алым-сабак айтыштар калган.
Калык «Жакшы күтүп алалы», «Кытайдан кайт­кан туугандарга» (1918–1919) сыяктуу ырларын­да Октябрь революциясынын жеңишин, Совет бий­лигинин орношун билдирген. 1919-жылы ырчы Жети-Суу облусунун туңгуч съездине делегат бо­луп катышып, жаңы заманды даңазалаган «Съезддеги куттуктоо» деген ырын ырдаган. 1926-жылы Калык Фрунзеде жаңы ачылган Кыргыз улуттук театрына артист болуп кирип, 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына которулуп, өмүрүнүн акырына чейин анда иштеген. Бул жылдары Калык кыргыздын эл шайырлары менен бир­ге жүрүп, республикадагы эмгек кайнаган жерлерде болуп, социалдык жаңылыктарды көрүп, ма­даний жана коомдук турмушка белсене катыш­кан. Мындай жагдайлар Калыктын 1930–1940-жыл­дардагы ырларынын тематикасын мурдагыга караганда алда канча кеңейткен, маанисин дагы тереңдеткен. Улуу Ата Мекендик согуш мезги­линде ондогон патриоттук ырларды жараткан: «Панфилов баатырга», «Улуу жеңиш» (экөө тең 1936), «Өлбөс баатыр» (1940). «Ырлар жана поэ­малар» (1940), «Ырлар жыйнагы» (1943), «Тан­далган ырлар» (1958) аттуу ыр жыйнактары жарыкка чыккан. «Баскан жол» (1964) ме­муардык чыгармасынын илимий жана эстетикалык мааниси зор. Ал Токтогулдун ырларын жыйнап, бастырууга чоң эмгек жумшаган. Калык кыр­гыз элинин эпикалык чыгармаларынын дээрлик бүт баарын айткан. Анын айтуусунда «Жа­ныш-Байыш», «Курманбек» аттуу кенже эпос­тор жарык көрдү (1970). Андан «Карагул ботом», «Карач дөө», «Ак Мөөр», «Өмүр жана Болот», «Бир асыл» аттуу дастандар жазылып алынган. Ысмы туулуп-өскөн айылындагы мектепке, Бишкек шаарындагы К. Акыев атындагы көчөгө эстели­ги тургузулду. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Бел­гиси» ордендери менен сыйланган.

Ад.: Кебекова Б. Кыргыз эл ырчылары. Б., 1994; Обозканов А. Калык Акы уулунун көп кырдуу өнөр­канасы. Б., 2000; Төкмөлүктүн башаты – калыптануу жана синкреттүү табияты. Б., 2006.

А. Обозканов.