КАЛЫГУЛ (Чүй районундагы кыштак)
(КАЛЫГУЛ 1 барагынан багытталды)
КАЛЫГУЛ (мурдагы Сталин) – Чүй районундагы кыштак. Ак-Бешим айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 970 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 14 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 888 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. ФАП бар.