КАЛП
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛП – кыргыз балдар фольклорундагы жанр.Турмушта кездешпеген, акыл-эс нормасына сыйбай турган окуялар юмордук негизде баяндалат. Калптар чечендикке, сөзгө чеберликке тарбиялоо жана көңүл ачуу максатында айтылат. Калп элдик оозеки чыгармачылыкта кара сөз же ыр түрүндө кездешет. Кыргыз элинде «Чоң чымын», «Улак чымын», «Чегиртке минген киши», «Кырк ооз калп» дагы ушул сыяктуу калптар бар. Калптар башка элдердин оозеки адабиятында да (мисалы: орус фольклорунда ал «небылицы» деп аталат) кездешет.