КАЛМАК-АШУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛМАК-АШУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Соң-Көл – Калмак-Ашуу жолунун боюндагы эрте темир дооруна таандык аска ташка чегилген байыркы сүрөттөр. Тоо текелер жана аларга жаа менен мергенчилик кылуу, коло дооруна таандык колдорун көтөрүп турган адамдардын, ошондой эле мергенчилик гана эмес, адам менен кийиктердин ортосундагы жакын мамиле чагылдырылган сүрөттөр да тартылган. Кыргыз тарыхчылар жамааты, Түрк тарых куруму тарабынан 1996-жылы табылган.
К. Табалдиев.