КАЛЛИГРАФИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛЛИГРА́ФИЯ (грекче kalligraphia – сулуу кол жазма, kalljs – сулуулук жана ...графия) – даана жана сулуу жазуу өнөрү. Каллиграфия арип жана жазуу куралдарынын тарыхы, өнөрдүн стилистикалык эволюциясы менен байланыштуу. Китеп басуу ишинин жана машинкага, кийин компьютерге жазуунун өнүгүшү менен каллиграфиянын колдонулушу кескин азайып, ал негизинен башталгыч класстарда гана өзүнчө сабак («таза жазуу») катары окутулат. Каллиграфия китеп көркөмдөө, плакат жасоо, графика жана башка тармактарда колдонулат.