КАЛИНИНА Наталья Михайловна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИ́НИНА Наталья Михайловна (8. 12. 1948-жылы туулган, Украина, Донецк) – техника илимдеринин док­тору (1999), профессор (1999), КРдин илим ж-а тех­ника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Донецк медицина окуу жайын (1967), Москва тоо ин­ститутун (1975) бүтүргөн. Ошол эле жылдан Карели­яда тоо жардыруу иштери боюнча жетекчи болуп иштеген. 1979-жылдан Фрунзедеги «Союзвзрыв­пром» трестинин курулуш лабораториясында бургу­лап жардыруу иштери боюнча инженер, ФПИнин лабораториясында ага илимий кызматкер (1986–90), Кыр­гыз ССР ИАнын тоо тектеринин физикасы ж-а механикасы институтунда (1990–94) иштеген. 1994-жылдан КРСУда профессор, жарылуу физи­касы ж-а синергетикасы лабораториясынын башчы­сы. Детонация ж-а синергетика теориясы боюнча адис. 80ден ашык илимий иштердин, анын ичинде 4 моно­графиянын, 10 ойлоп табуунун автору.

Эмг.: Низкоплотные и сверхнизкоплотные взрыв­чатые смеси. Механизм детонации (в соавторстве). Б., 1998; Оправдание синергетики. Синтез науки, философии и религии. Б., 2003.