КАЛИНИН (Кара-Суу районундагы кыштак)
(КАЛИНИН 3 барагынан багытталды)
КАЛИ́НИН – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жоош айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 11 км чыгыш тарапта. Калкы 2642 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.