КАЛЕСАЙ (КӨӨЛҮҮ-САЙ) БЕРИЛЛИЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЕСАЙ (КӨӨЛҮҮ-САЙ) БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда. Кемин темир жол беке­тинен 43 км түндүк-чыгышта, Куутессай II кени­нин карьеринин түштүк-чыгышында, Ак-Түз кыштагынан 1,8 км батышта, деңиз деңгээлинен 2600 м бийикте жайгашкан. 1959–68-жылдарда чалгындалып, запасы эсептелген. Кен ядросу протерозойдогу гнейстүү ак-түз свитасындагы ак-түз антикли­налында жайгашкан. Анын протерозойдогу көпүрө-сай свитасынын амфиболдуу сланецтер­ден түзүлгөн канаттарына Түндүк ж-а Түштүк деп аталган эки кенташтуу аймак туура келет. Бе­риллий минералдашуусу талаа шпаты-флюорит­фенакиттин өтө жука (ммден 2,5 смге чейин) тарамдары м-н байланышкан. Сланецтеги та­рамдар чогулуп, штокверкти түзөт. Түндүк шток­верк аймагында 253 кенташ тарамы бар, шток­верктин калыңдыгы 200 м, узундугу 800 м. Түштүк штокверктин калыңдыгы 200 м, узундугу 1600 м, анда 700 кенташ тарамы бар экендиги анык­талган. Негизги минералы – фенакит, андан башка гетгельвин, гельбертрандит, бавенит, баверит, берилл, миларит минералдары кезде­шет. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү – 0,127%, запасы С1 категориясы боюнча 10170 т , С2 – 1531 т .