КАЛДЫБАЕВ Салидин
КАЛДЫБАЕВ Салидин (15. 11. 1958-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Арал айылы) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (2009). КМУнун механика-математика факультетин бүтүргөн (1980). Республикалык эсептөө борборунда инженер-программист (1981–83), КМУда лаборант (1983–87), окутуучу (1987–91), Кыргыз билим берүү институтунда бөлүм

башчы (1994–96), КР улуттук тест жүргүзүү борборунун директорунун орун басары (1996–98), НМУда кафедра башчысы (1998), бөлүм башчы (2000–03), декан (2003– 05), билим берүүнүн сапатын мониторингдөө борборунун директору (2005–06), жаңы маалыматтык технологиялар, экономика ж-а башкаруу факультетинин деканы (2006–10), 2010-жылдан НМУнун ректору болуп иштеген. 120дан ашуун илимий-методикалык эмгектин (анын ичинде 16 монография, окуу куралы ж-а окуу-методикалык колдонмолор) автору.