КАКЫР-ПИЛТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКЫР-ПИЛТАН – Ош облусунун Араван районун­дагы кыштак. Нурабад айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 655 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Араван кыштагынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 40 км. Кыштак 1935-жылы негизделген. Калкы 2640 (2022); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мек­теп, китепкана, дарыкана бар. Соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт.