КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ
КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ Теңир-Тоонун түштүгүндө, Кыргызстан м-н Кытайдын чек арасы боюнча 582 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 54 км. Орточо бийиктиги 4500 м. Эң бийик чокулары: Жеңиш (7439 м) ж-а Аскер топографтары (6873 м). Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чыгышы Боз-Кыр деп аталып, Сары-Жаз капчыгайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды,

Көйкап, Май-Баш. Ортоңку бөлүгү Кара-Ичке- Тоо, Ак-Зоо, Жангарт, Үч-Чоку, Кайчы тоолорунан турат. Батышы Кара-Кыр, Торугарт ж. б. тоо тармактары кошулуп, Ак-Сай өрөөнүн көздөй жапыздайт. Какшаал тоо тизмегинин түштүк бети тик (50– 60°), түндүк бети жантайыңкы (30–40°). Жондору кырдуу, аркайган чокулары көп. Капталдары капчыгайлар м-н тилмеленип, көбүнчө зоокалуу. Негизги ашуулары: Бедел, Көк-Ирим, Бикиртик, Кайчы, Кара-Бел, Ак-Өгүз, Суук-Төр (4200 м). Сырт рельефи – айдөөш беттер; жантайыңкы тегиздиктер да кезигет ( борбордук бөлүгүндө). Какшаал тоо тизмеги – Түштүк Теңир-Тоонун чегинде жайгашып, структурасы боюнча герцин бүктөлүүсүндө пайда болгон ж-а түндүк-чыгышка карай багытталып жаткан мегантиклиналдык түзүлүш. Неоген – төртүнчүлүк мезгилинде көтөрүлүп, бийик чокулар пайда болгон. Негизинен палеозойдун (силур-карбон мезгилдери) акиташ теги, алевролит, кумдук, конгломерат ж-а чополуу сланецтерден түзүлгөн. Аларды гранит, гранит-сиенит ж-а сиенит интрузиялары жиреп чыккан, ошондой эле пегматит, аплит, роговик ж-а скарндар кеңири тараган. Какшаалда негизинен калай, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. кендер белгилүү. Курулуш материалдары көп; минералдуу арашан суулар да чыгат. Байыркы мөңгүлөрдүн изи сакталган. Мөңгүлөрдүн таралышы жагынан Кан-Теңирден кийин 2-орунда. Ирилери борборунда ж-а чыгышында жайгашкан. Жалпы аянты 983 км2 (Комаров мөңгүсү, 29,8 км2). Түндүк беттеринде мөңгүнүн учу 3800 м бийикке чейин түшөт. Кар чеги 4400–4500 м бийикте. Ландшафттары ар кыл: сырт талаасы (2800–3100 м бийикте; бетеге, кара кыяк, ак сокто ж. б.); альп шалбаасы (3100–3500 м; бетеге, түркстан сулусу, тоо сойгок ж. б.); субнивалдык суук талаа (3400–3800 м; жер жаздык, хризантема, альфердия ж. б.); гляциалдык-нивалдык алкагы (3800 мден жогору), өрөөндөргө кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Сары-Жаз капчыгайынан батышты карай жайкы ж-а кышкы жайыт катары пайдаланат. Экологиялык тазалыгы сакталган.
Ад.: Шульц С. С. Анализ новейшей тектоники и рельеф Тянь-Шаня («Записки Всесоюзного Географического общества», Новая серия, Т. 3). М., 1948; Природа Киргизии. Ф., 1962; Исаев Д. И. и др. Рельеф Киргизии. Ф., 1964; Чупахин В. М. Физическая география Тянь-Шаня. А.-А., 1964; Орозгожоев Б. О. Природа высокогорных пастбищ Внутренного Тянь-Шаня.
Ф., 1968; Геология СССР, Т. 25, кн. 1–2, М., 1972.