КАЙЫҢ-ТАЛАА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЫҢ-ТАЛАА – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кызыл-Жар айыл округуна караштуу. Алайкуу өрөөнүндөгү Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2120 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара- Кулжа кыштагынан 107 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 195 км. Калкы 1475 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Чек арачы А. Сидровго эстелик тургузулган.