КАЙЫПОВ Аалыбай
КАЙЫПОВ Аалыбай (24. 05. 1953, СССР, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань облусу, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы) – генерал-майор (2004). Кыргыз Мамлекеттик Дене Тарбия институтун (1975), СССР коопсуздук комитетинин кесипти жогорулатуу жогорку

курстарын (Ташкент, 1980; Москва, 1983; Киев, 1988) бүтүргөн. 1975–1977-жылдарда КМДТИде окутуучу, 1977–1995-жылдарда Кыргызстан улуттук коопсуздук комитетинде кызматта, 1995–1996-жылдарда Кыргыз Республикасыныны ички иштер министринин 1-орун басары, 1996–1998-жылдарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1998–2000-жылдарда Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин кылмыш издөө башкармалыгынын начальниги, 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Чек Ара кызматынын төрагасынын орун басары, төрагасы болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.