КАЙЧЫЛАШ СЕБҮҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЧЫЛАШ СЕБҮҮ – айыл чарба өсүмдүктөрүн (негизинен дан эгиндерин ж-а тоют өсүмдүктөрүн) эгүү ыкмасы; себилүүчү үрөндүн жарымы айдоону бойлой узатасынан, экинчи жарымы туурасынан себилет. Мында үрөн айдоого текши себилип, түшүм жогорулайт. Мында суу топуракты аз агызат, бирок эмгекти көп талап кылат.