КАЙТАЛАНМА КЕЛТЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙТАЛАНМА КЕЛТЕспирохета пайда кы­луучу ж-а кан соргуч курт-кумурска, бит, кене, аркылуу жугуучу, катуу кармаган жугуштуу оору. Кайталанма келте эпидемиялык ж-а эндемиялык бо­луп бөлүнөт. Эпидемиялык түрү м-н адам гана ооруйт. Анын козгогучун (спирохетаны) немис илимпозу О. Обермейер ачкан (1868). Спирохе­та оору кишинин канын соргон битте көбөйүп, өлтүрүлгөн биттен тытылган, жараланган тери аркылуу адам организмине өтөт. Кайталанма келтенин жа­шыруун (инкубациялык) мезгили 2–14 сутка. Оору капысынан башталып, чыйрыктырат, дене температурасы 40–41°Сге чейин көтөрүлөт, адам шалдырайт, балтыр булчуңдары катуу ооруйт, мурду канайт, териси кургап, ысыйт, тамыры тез кагып, боор, көк боору чоңоёт. 5–8 сутка­дан кийин температура төмөндөп, тер басат ж-а оорулуу өзүн жакшы сезип калат. Бирок 1 жу­мадан кийин оору кайра кайталанат. Кайталоо 3–5 жолу болушу мүмкүн.Кайталанма келте оорулуунун канын изилдөө аркылуу аныкталат. Эндемиялык тү­рү табигый булактуу ооруларга кирет. Түрдүү спи­рохеталар козгоп, адам м-н жаныбарлар ооруйт. Табигый шартта кемирүүчүлөр ооруп, кене ар­кылуу адамга жугузат. Ооруп айыккан адамда иммунитет пайда болот.