КАЙТАЛАНБАС ПРОЦЕСС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙТАЛАНБАС ПРОЦЕ́СС – белгилүү бир гана тарапка багытталган физикалык процесс. Аларга жы­луулук өткөрүмдүүлүк, диффузия, суюктуктун агышы ж. б. кирет. Бардык кайталанбас процесстер жараты­лышта белгилүү бир багытка өзүнөн өзү жүрөт ж-а тескери багытка өз алдынча өтө албайт. Аларда энтропия оң. Туюк системада кайталанбас процесс эн­тропияны көбөйтөт.